Акыркы макалалар

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө өтө турган иш-чаралар

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө өтө турган иш-чаралар

Бул күнү өлкөнүн бир катар кинотеатрларында жана коомдук, мамлекеттик телерадиокомпанияларында майрамга үндөш темадагы документалдык жана көркөм тасмалар көрсөтүлөт.

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата өлкөдө бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол коюп, Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган.

"Бул күндөрү өлкөнүн музейлеринде ачык эшик күндөрү өткөрүлүп, каалоочулар кыргыз элинин тарыхы менен тааныша алат. Ал эми кинотеатрларда, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө жана коомдук, мамлекеттик телерадиокомпанияларында "Уркуя", "Курманжан Датка", "Айланпа", "Биринчи" тасмалары көрсөтүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле "Маданият.Тарых.Тил" каналында "Учур" жаштар театрынын "Улуу Үркүн" спектакли көрсөтүлөт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...