Акыркы макалалар

Нарында сүттү кайра иштетүүчү завод ачылат

Нарында сүттү кайра иштетүүчү завод ачылат

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов «Үмүт и Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Кайрат Абдуллаев менен жолугушту.

Анда аталган ишкананын Нарын шаарына сүттү кайра иштетүүчү заводдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Облус башчысы Өкмөттүн тапшырмасына ылайык айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү багытында ишканаларды куруу пландалганын белгиледи. Учурда сүт, эт багытында малды асылдандыруу боюнча иштер жанданууда.

Кайрат Абдуллаев Нарын облусунда 1988-жылдан бери биринчи жолу сүттү кайра иштетүүчү завод ишке берилерин билдирди. Анын курулушуна болжолдуу 80-90 млн сом каражат жумшалат. Бир күндө 150 тоннага чейин сүттү иштетүүгө мүмкүн экенин айтып, Нарын облусунун район борборлорунда сүттү кабыл алуу пунктардын ачылышы пландалып жатканын билдирди.

Сүттү кайра иштетүүчү завод Нарын шаарында 4 айдын аралыгында курулуп, 2018-жылдын февраль айында ишке берилет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...