Акыркы макалалар

Чыныбай Турсунбеков парламент төрагалыгынан кетери айтылууда

Чыныбай Турсунбеков парламент төрагалыгынан кетери айтылууда

Чыныбай Турсунбековдун кызматтан кетиши тууралуу маалымат расмий бышыктала элек. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу бул жаатта азырынча сөз жоктугун "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, 25-октябрда парламент депутаттары кезектеги жыйынга чогулат.

Буга чейин Чыныбай Турсунбеков 25-октябрда парламент төрагасы кызматын тапшырары тууралуу маалымат тараган.

"Азаттыктын" парламенттеги булактары да Жогорку Кеңеште ушундай сөз жүрүп жатканын тастыкташты.

Төрагалык орунга КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, "Бир бол" фракциясынан Аскарбек Шадиев жана "Кыргызстандан" Дастан Жумабековдун талапкерлиги көрсөтүлөрү айтылууда.

Чыныбай Турсунбеков өзү азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштырууга байланышкан талкуулар көшөгө артында кызуу жүрүп жатканын "Азаттык" радиосу да жазган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...