Акыркы макалалар

«Кошой» кант заводу күнүнө 2200 т кызылча кабыл алып, 220 т шекер өндүрүүдө

«Кошой» кант заводу күнүнө 2200 т кызылча кабыл алып, 220 т шекер өндүрүүдө

Чүй облусунун Сокулук районундагы «Кошой» кант заводу күнүнө 2200 тонна кызылча кабыл алып, 220 тоннага чукул шекер өндүрүүдө. Бул тууралуу аталган ишкананын жетектөөчү адиси Гүлкан Малдыбаева билдирди.

Ал эгер завод толук кубаттуулук менен иштесе жакынкы күндөрү суткасына 3000 тоннага чейин кызылчаны иштетүүгө болоорун айтат. Учурда шекер заводунда жалпы 800гө жакын кызматкер иштеп жатат.

Ал эми кызылчанын басымдуу бөлүгү Сокулук районунан, Кемин, Кант, Токмоктогу кызылча кабыл алган жайлардан келет.

«Кошой» заводу 13 жылдан бери иштебей турган. 2008-жылы 20 күндөй гана иштеп кайра токтоп калган. Заводду калыбына келтирүү үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 10 млн доллар каражат алынган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...