Акыркы макалалар

Кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолукту

Кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолукту

30-сентябрда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Курманакун Матенов Өзбекстандын чек ара аскерлеринин командачысы Рустам Эминжанов менен жолукту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнөн Сажира Чоколоева билдирди. Жолугушуу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Достук-унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинде болуп өттү. Тараптар эки өлкөнүн чек арасындагы жагдай тууралуу пикир алышып, жумушчу сапар тууралуу токтомго кол коюшту. Бирок, ведомство тарабынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы азырынча коомчулукка жарыяланбай тургандыгы айтылды.

Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиевдин айтымында, жолугушуу жакшы өттү деген маалымат келген. 2-3 күндүн аралыгында бул маселе чечилет. Жогоруда аталган тоонун аймагын эки тараптын аскерлери кайтарууда. Эл кооптонбой эле койсо болот, абал туруктуу.

Эскерте кетсек 21-сентябрь күнү Аксы районундагы чек ара сызыгы тактала элек Уңгар-Тоосуна Өзбекстандын чек арачылары тик учак менен келген. Кыргызстандын бийлиги, өзбек чек арачылары андагы телемунаранын кызматкерлеринин документтерин текшергенин билдирген. Эртеси жергиликтүү эл райадминистрациянын алдына бул маселеге чара көрүлсүн деген талап менен нааразычылык акциясын уюштурган. Ушунун негизинде эки өлкөнүн чек ара башчылары жолукмай болгон.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...