Акыркы макалалар

Ысык-Көлдүн жээгинде Борбор Азияда жок ири амфитеатр ачылат


Ысык-Көлдүн жээгинде Борбор Азияда жок ири амфитеатр ачылат

"Nomad" амфитеары көчмөн стилинде жасалгаланып, заманбап ыкма менен курулган

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн, 22-октябрда Ысык-Көлдө "Nomad" аталышындагы ири амфитеатр ачылат. Бул тууралуу "Дордой" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган амфитеатр маданий жана мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташкан. Ал көл жээгинде жайгашып ичине 1000ге чукул адам батат. Бирден-бир өзгөчөлүгү көчмөн стилинде жасалгаланып, заманбап ыкма менен курулган.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай стилдеги амфитеатр Борбор Азияда алгачкылардан болуп курулду.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...