Акыркы макалалар

Британиялык окумуштуулар кары адамдарга коомдук транспорттон туруп бербөөгө чакырды


Британиялык окумуштуулар кары адамдарга коомдук транспорттон туруп бербөөгө чакырды

Улуу муундагы адамдардын көбүнүн дарты карылыктан эмес, кыймылдын жоктугунан келип чыгарын илим адамдары эскертет

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Коомдук транспортто карыларга орун бошотуп берүү менен биз алардын ден соолугуна зыян келтирип жатабыз. Мындай пикирин хирург-ортопед Скарлетт МакНелли башында турган окумуштуулардын тобу билдиргенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Окумуштуулар изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын British Medical Journal журналына жарыялап, анда кары-картаңдардын физикалык активдүүлүгү менен социалдык камсыздандыруунун байланышын изилдешкен.

Илим адамдары карылык менен физикалык активдүүлүктүн жоктугун так ажыратып билүү керектигин айтышат. Карылар эгер көп кыймылдап түрдүү көнүгүүлөрдү жасаса дээрлик 10 жылга жашарарын окумуштуулар эскертет.

"Биз кыймылда жүргөн карыларды эс алгыла дегендин ордуна аларды кубаттап, шыктандырышыбыз керек. Андыктан коомдук транспортто карыларга орун бошотуп берип жатканда бул тууралуу ойлонушуңуз керек. Улуу муундагылардын туруп турганы алардын ден соолугу үчүн пайдалуу", — деди профессор Муир Грэй.

Ал ошондой эле улуу муундагы адамдардын көбүнүн дарты карылыктан эмес, кыймылдын жоктугунан келип чыгарын эскертет.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...