Акыркы макалалар

Таласта “Салттуу маданият жумалыгы” кароо-сынагы өтүүдө


Таласта “Салттуу маданият жумалыгы” кароо-сынагы өтүүдө

Таласта “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында райондор, облустар аралык “Салттуу маданият жумалыгы” кароо-сынагын өтүүдө.

Сынакта манасчылар, комузчулар, төкмө акындар, элдик ырларды аткаруучулар тандалып, ошондой эле, улуттук кийимдер боюнча кароо болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Республикалык кароо-сынак 20-октябрда Улуттук «Манас ордо» комплексинде башталды. 22-октябрда Талас шаарынын стадионунда жеңүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу концерти тартууланат.

Жеңүүчүлөр калыстар тобу тарабынан аныкталат жана аларга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан I, II, III орундар үчүн акчалай сыйлыктар, дипломдор грамоталар, ошондой эле, Талас облусундагы өкмөт өкүлчүлүгү тарабынан баалуу сыйлыктар ыйгарылат.

Кароо-сынактын негизги максаты, салттуу маданиятты улуттук нукта өнөктүрүү, элдик чыгармачылыктын деңгээлин жогорулатуу жана эл арасынан чыккан өнөрпоздорду, аткаруучуларды телерадио, басма сөз аркылуу элге таанытуу болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...