Акыркы макалалар

Кыргызстандагы фабрика аскер бут кийимдерин чыгарат

Кыргызстандагы фабрика аскер бут кийимдерин чыгарат

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Чүй облусунун Сокулук районундагы «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу фабрикасынын атайын долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол койду.

Ага ылайык, аталган компания кошумча жабдуу жана станокторду сатып алып, атайын адистештирилген жумушчу бут кийимдерди жана аскерлер үчүн бийик кончтуу өтүктөрдү чыгара баштайт.

Долбоордун алкагында фабрика чыгарган бут кийимдер европалык стандарттарга туура келе тургандай сапатта болоору жана жеткилитүү баада сатылары кабарланды.

Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан «Империал Групп Компани» компаниясы атамекендик бут кийим чыгаруучу биринчи заманбап ишкана болуп саналат. Ал бут кийимдерди тигүүдө италиялык роботтук жана санариптик технологияны пайдаланат.

Белгилей кетсек, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду 25 айдын ичинде 254 млн доллар суммасындагы 780 долбоорду каржылаган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...