Акыркы макалалар

БШК кол санактын жыйынтыгын чыгарды


БШК кол санактын жыйынтыгын чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо добуш бергендер боюнча кол санактын алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстан социал-демократтар партиясы сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбековду добуш бергендердин 54,74 пайызы колдогон. “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду колдоп добуш бергендердин саны 33,7% түзгөн. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун алган добушу 6,55%, “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариевдики 2,57% деп эсептелди. Калган талапкерлердин алган добушу 1% жеткен эмес.

БШКнын маалыматына караганда, добуштарды саноо өлкө аймагындагы жана чет өлкөдөгү добушканалардын бардыгында жүрдү.

15-октябрдагы шайлоого 1 млн 692 миң 423 шайлоочу катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызын түздү.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...