Акыркы макалалар

Кыргызстанда желим баштык жаратылышка зыян келтирүүдө


Кыргызстанда желим баштык жаратылышка зыян келтирүүдө

Кыргызстанда желим баштык (полиэтилен) айлана-чөйрөнү булгап, адамдардын ден-соолугуна кыйла зыян келтирүүдө. Бул тууралуу парламенттин жалпы жыйынында депутат Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта желим баштык (полиэтилен) маселеси өлкө үчүн чоӊ экологиялык көйгөйгө айланып турат. Көйгөйдү мамлекеттик деӊгээлде чечүүгө мезгил жетти. Анткени полиэтилен көйгөйүн азыртан биржаӊсыл чечиле башталбаса, ал тереӊдеп кетиши мүмкүн. Өкмөт бул маселени дыкат иликтеп чыгып, полиэтилен калдыктарын жоготуунун алдыӊкы технологияларын колго албаса болбойт.

Дүйнөдө 40тан ашык өлкөдө желим баштыктарды колдонууга чектөөлөр киргизилген. Мисалы, Руандада 2008-жылы желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган. Азыр Руанда Африкада эле эмес, дүйнөдөгү эң таза өлкөлөрдүн бири.

Кыргызстанда кайда барбайлы пластик пакеттер колдонулат. Магазин, базарларда, бүт эле нерселерди эл ошону менен ташыйт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...