Акыркы макалалар

Ош шаарында кечки мектеп өз ишин баштады

Ош шаарында кечки мектеп өз ишин баштады

Ош шаарындагы №18 Алишер Навои атындагы мектеп гимназиясында күндүз окууга шарты жок окуучулар үчүн ачылган кечки окутуу иши башталды. Азыр анда 8ден 16 жашка чейинки 16 бала билим алууда. Бул тууралуу мектеп директору Турдайым Карамырзаева билдирди. Анын маалыматында, кечки окутуу шаарыбыздагы көпчүлүк балдар үчүн абдан ыңгайлуу болууда. Учурда балдар күндүзгү саат 14:00дөн 16:00гө чейин окуп жатышат. Жакынкы айларда окутуунун убакыты өзгөрүлушү мүмкүн. Ошондой эле мектеп жетекчиси ал жерде мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаӊы билим берүүчү ресурстук борбор ачылып жатканын кошумчалады.

Турдайым Карамырзаеванын берген маалыматында, кечки окууга тартылган 16 бала 2 группага бөлүнүп, 6-класстын программасында сабактарды өтүүдө. Айрымдарынын жаш курактары 21ден жогору болгондугуна байланыштуу 6-класска тартуу бир топ кыйын. Мүмкүн болушунча аларды техникалык окуу жайына жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыкалык Акжоловдун айтымында, кечки окутуу №18 Алишер Навои атындагы орто мектептин базасында түптөлүп, билим берүү кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Балдар үчүн атайын окуу программасы иштелип чыгып, 12 предмет боюнча 16 мугалим иштөөдө. Алардын сентябрь айындагы айлык маянасын Эл аралык эмгек уюму төлөп берет. Калган айлар үчүн республикалык бюджеттен каражат каралган. Учурда иштеп жүргөн балдарды кечки окутууга тартуу уланып жатат.

Бул пилоттук долбоор Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Билим берүү министрлиги жана Эл аралык эмгек уюму тарабынан жүзөгө ашырылууда.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...