Акыркы макалалар

Кыргызстанда дене тарбия жана спорт күнү 28-сентябрда белгиленет

Кыргызстанда дене тарбия жана спорт күнү 28-сентябрда белгиленет

Быйыл Кыргызстандын спортчулары жана дене тарбия кызматкерлеринин күнү 28-сентябрда белгиленет. Бул тууралуу "Марал" үналгысына Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз борборунан Нурдин Султанбаев билдирди. Анын айтымында, агенттиктин республика боюнча баардык бөлүмдөрүндө футбол, волейбол, шахмат, сууга сүзүү жана башка спорт түрлөрүнүн мелдештери өткөрүлөт.

Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун башкы директору Алмаз Касенов учурда тогуз коргоол, алыш, ордо, көк бөрү сыяктуу оюндар өткөрүлүп жатканын айтып, жалпы спорт кызматкерлерин жана спорт сүйүүчүлөрдү келе жаткан майрамы менен куттуктап өттү.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда дене тарбия жана спорт күнү 1993-жылдан бери сентябрь айынын акыркы жекшембисинде майрамдалып келет.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...