Акыркы макалалар

Футзал боюнча КРдин курамасы 2018 ДЧнун финалдык бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда чыкты

Футзал боюнча КРдин курамасы 2018 ДЧнун финалдык бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда чыкты

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия-2018 мелдешинин финалдын бөлүгүнө мөөнөтүнөн мурда чыкты.

Тандоо сынагы 15-октябрда ирандын Тебриз шаарында өткөн. Анда чучугулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстан, Түркмөнстан жана Непалдын командалары менен “А” тайпасына кирген.

КР футболчулары биринчи оюнда Түркмөнстандын курама командасын 5:3 эсебинде жеңип, экинчи айлампада Непалдын курамасын – 5:0 эсебинде уткан.

Бүгүн, 17-октябрда жыйынтыктоочу оюнда Кыргызстанын курамасы Өзбекстан менен ойноп, тайпанын жеңүүчүлөрү аныкталат.

Азия чемпионаты 2018-жылы кытайдын Тайбэе шаарында өтөт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...