Акыркы макалалар

Кыргызстанда жугуштуу ооруларга каршы жаңы программа ишке кирди

Кыргызстанда жугуштуу ооруларга каршы жаңы программа ишке кирди

Кыргызстанда Россия Федерациясынын каржылык жана техникалык колдоосу менен адамдын иммундук дефицит вирусу жана башка жугуштуу ооруулардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү боюнча масштабдуу программа ишке кирди. Бул программа эпидемиологиялык көзөмөл системасын жакшыртууга, ошону менен аялдар жана жаш балдардын арасында адамдын иммундук дефицит вирусун (АИВ), жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардын (ЖЖЖИ) жана вирустуу сарыктын алдын алууну системалуу түрдө өнүктүрүүгө багытталган.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Александр Аванесевдин айтымында, аялдардын жана балдардын арасындагы жугуштуу оорулардын көбөйүшү ушундай программаларды киргизүүгө түрткү болууда. Жаңы катталган АИВ менен жашаган адамдардын 43 пайызын аялдар, 22,3 пайызын 15 жашка чейинки балдар түзөт.

Кыргызстанда 2013-жылдын 1-сентябрына карата ВИЧ менен ооруган 4 миң 965 адам катталган. Белгилүү болгондой, анын ичинен 580 адам СПИД менен ооруйт, 792 адам каза тапкан, анын ичинде СПИДден 264 адам көз жумган. «Спектрум» программасы тарабынан аткарылган баалоолор боюнча, чыныгы оорулуу адамдардын саны эки эсеге көп болуп, 8 миң 727 адамды түзөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы “Кызыл Лента” жаштар коомунун ыктыярдуу элчиси Каныкей Алымбекованын айтымында, бул көйгөй менен баарыбыз бирге күрөшкөндө гана жыйынтык болот.

Бул аткарыла турган иштерге каражатты БУУнун UNAIDS программасы бөлөт. Былтыр Орусия өкмөтү бул уюмга 16,5 миллион доллар берүү тууралуу чечим кабыл алган. Бул акча 2013-2015-жылдары Армения, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанда СПИДге каршы иштерди жакшыртууга жумшалат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...