Акыркы макалалар

“Атанын керээзи” тасмасы “Азия Оскарына” номинант болду


“Атанын керээзи” тасмасы “Азия Оскарына” номинант болду

Бүгүн, 13-октябрда Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи” тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (Asia Pacific Screen Awards, APSA) 11-чи фестивалынын “Мыкты киносценарий” сыйлыгына номинант болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тасманын режиссерлорунун бири Бакыт Мукул билдирди.

Анын айтымында, бул сыйлык кыргыз кинематографиясынын Азия-Тынч океан киноакадемиясындагы олуттуу жетишкендигинин бири. Бул киноакадемиянын сыйлыгын дүйнөлүк киноиндустриясында “Азия Оскары” деп аташат.

“Ошондой эле номинант катары мен жана Дастан Жапар уулу Азия-Тынч океан киноакадемиясынын мүчө академиктери болдук. “Азия Оскарын” тапшыруу салтанаты 23-ноябрда Австралиянын Брисбене шаарында өтөт”, - деп билдирди Бакыт Мукул.

Белгилей кетсек, “Атанын керээзи” тасмасы буга чейин да бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Алсак, Монреалда өткөн сынакта “Алтын зенитти” жеңип алышкан.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...