Акыркы макалалар

МЧК кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу билдирет


КР МЧК көзөмөл-өткөрмө жайларындагы абал тууралуу билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 12-октябрында саат 13:30га карата Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде абал төмөнкүдөй:

- “Акжол” өткөрмө пунктунда 250го чейин адам топтолуп, “Кордай” өткөрмө пунктунда – 25 жеңил жана жүк унаалары күтүп калган. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында шлагбаумдан МАИ постуна чейин 200 жеңил жана жүк унаалары турат;

- “Ак-Тилек” пунктунда топтолгон жарандар жок, бирок 150 ири жүк унааларынын кезеги түзүлгөн. Казакстан чек арачыларынын унаа каражаттарын текшерүү убактысы 30 мүнөттү түзүүдө;

- “Чалдыбар”, “Токмок” жана “Чон-Капка” көзөмөл-өткөрмө пункттарында жарандардын топтолгону байкалбайт, унаалардын кезеги 15тен 50гө чейин жетүүдө.

Өткөрмө пункттарына жакын КР ӨКМ кызматкерлери тарабынан чатырлар тигилип, тез жардам унаалары кезметте турат.

Учурда КР МЧК жарандардын жана унаа каражаттарынын чек арадан өтүү убактысын кыскартууга бардык чараларды көрүүдө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...