Акыркы макалалар

Күрөөканаларды көзөмөлдөөчү кызмат болушу керек

Күрөөканаларды көзөмөлдөөчү кызмат болушу керек

Күрөөканалардын ишмердүүлүгү өлкөдө көзөмөлдөнбөй, алар аркылуу коркунучтуу операциялар жүргүзүлүп турат. Мындай пикирин Улуттук банк билдирген. Алар учурда күрөөканаларды көзөмөлдөөчү кызмат болушу керек дейт. Ошол менен катар уруксат берүүдө чектөөлөр да киргизилүүсү зарыл деген пикирин айтышууда. Ал эми күрөөкананын кызматынан пайдалангандардын сөзү да кайчы пикирде. Кээ бирлери карыз алууга оңой жол экендигин айтса, айрымдары баалуу буюмдарын берүү кооптуу экендигин билдиришүүдө.

Кыргызстанда күрөөканалар 1990-жылдары пайда болуп, 2000-жылдары анын саны арбый баштаган. Аларга лицензияларды берүү Улуттук банк тарабынан 1992-жылдары жүргүзүлүп келген. Ал эми 2009-жылы лицензиялоону токтоткон. Өткөн жылы өлкөдө 385 күрөөкана катталган. Белгилей кетсек, мамлекеттик казына күрөөканалардан жылына 4,5 млн сом киреше алып турат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...