Акыркы макалалар

Чүйдө дагы бир логистикалык борбор ишке кирди


Чүйдө дагы бир логистикалык борбор ишке кирди

Чүй облусунда дагы бир ири логистикалык борбор ишин баштады. Долбоор Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду берген насыя менен ишке ашырылды. Анда картошка, сабиз, капуста, пияз 3 миң тоннага чейинки көлөмдө сакталып, тазаланып экспорттоого жиберилет.

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында 3000 миң тонна жер жемишти сактаган логистикалык борбор ачылды. Анда картошка, сабиз, капуста, пиязды акыркы технологиядагы жабдыктар менен тазалап, таңгактап, ЕАЭБдин алкагындагы өлкөлөргө экспорттоо пландаштырылууда. Аталган “Кыргыз центр продукт” ишканасы Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан берилген насыянын эсебинен курулуп, толук түрдө ишин баштады. Ишкананын жетекчиси Манас Белошаров билдиргендей, түшүм жыйноо учурунда борбор 100 адамды жумуш орду менен камсыз кылат. Аны ачуунун эң негизги максаты, айыл чарба өндүрүшүн экспорттоо болуп саналат.

-Борбор толук түрдө ишин баштады. Жергиликтүү дыйкандардын түшүмүн сатып алуудабыз. Албетте, бул борбордун ачуунун негизги максаты айыл чарба өндүрүшүн экспорттоо болуп саналат. Буйруса сезон учурунда 100дөй кишини жумуш оруну менен камсыз кылабыз».

Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 1 млн 537 миң доллар жумшалды. Анын 1млн 500 миң АКШ долларын Орус–кыргыз өнүктүрүү фонду 5 жылдык мөөнөт менен насыяга берген. Аталган фонддун башкаруусунун мүчөсү Эркин Асрандиев белгилегендей, бул логистикалык борбор фонддун кароосундагы артыкчылыктуу долбоорлордун бири болчу.

-Эң үлгүлүү долбоорлордун бири болчу. Себеби, айыл чарба тармагы жана айыл чарба өндүрүшүн кайра иштетүү биз үчүн басымдуу түрдө карала турган тармактар. Бул тармакка 60% дан ашык каражат каралган. Буга чейинки долбоорлорго жумшалган каражаттардын теңинен ашыгы айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүүгө жумшалды.

Бул логистикалык борбор ири борборлордун төртүнчүсү. Буга чейин Сокулукта 7 миң тоннага, Балыкчыда 2,5 миң тоннага ылайыкташтырылып, ошондой эле Ошто курулган. Өкмөт мындай логистикалык борборлорду колдоого аларын айткан вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев, даярдалган айыл чарба өндүрүшүн экспорттоого өкмөт жардам берерин белгиледи.

—Биз да албетте жардам беребиз. Мисалы өндүрүшчүлөр өздөрү сурангандай алардын продукциясын сыртка экспорттоого, Орусия, Казакстандын соода борборлоруна жеткирүү маселелерин чечүүгө жардам беребиз.

Кампа жаңы технологиялар менен жабдылган. Жада калса тоңдургучту сактоо системасы да компьютерлештирилген. Мындай шартта жабдууларды мобилдик телефон аркылуу да башкарууга болот.

3 миң квадрат метрди камтыган логистикалык борбордун курулуш иштери өткөн жылдын декабрь айында башталган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...