Акыркы макалалар

«Таза коом» никеге турууну да жеңилдетет


«Таза коом» никеге турууну да жеңилдетет

Эми жарандар үйдө отуруп эле паспорт алып, же керектүү маалымкатка буйрутма берип, жада калса никеге турууга арыз жазууга да мүмкүн. Ал үчүн биометрикалык паспорт, аны компьютер же планшетке байланыштыра турган картридер, электрондук төлөм картасы болсо жетиштүү. Жарандар үчүн жеңилдик түзүү максатында түзүлгөн системанын бет ачаары 10-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында болуп өттү. Премьер-министр Сапар Исаков электрондук кызмат көрсөтүү порталы тууралуу өзү маалымат берип, кантип колдонуу керектигин да көрсөттү. “Таза коом” улуттук программасынын санариптештирүү ишинин алкагында паспорт кызматы, үй-бүлө жана балдар, даректи тактоо жана транспорт, кыймылсыз мүлк боюнча да тийиштүү документтик иштерди система аркылуу бүтүрүүгө жол ачылды.

Өкмөт башчы электрондук портал аркылуу паспорт алууга арыз калтырууну көрсөтүп берди. Ал үчүн алгач компьютер же планшетке паспортту тааный турган картридерди орнотуп, анын жардамы менен порталга кирди. Кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогунан паспорт алууну тандап, катталган аймагын гана толтурду.

-Андан соң электрондук билдирүүнү толтурууга өтөбүз. Эми мен катталган районумду тандап, Ленин районун жаздым. Кийин автоматтык түрдө эле бардык маалыматтар өзү жазылып калат. Анткени жарандарга ыңгайлуулук түзүү үчүн система да жеңил жана түшүнүктүү болуп жасалган. Биометрикалык паспортто камтылган маалыматтар өзү эле автоматтык түрдө жазылып калды. Андан тышкары 110 сом төлөмүн төлөө менен паспортту жеткирүү кызматын колдонсоңуз да болот.

Ал эми паспорттун акысын төлөө жагына келсек, электрондук төлөм карталарын колдонуу менен эле жөнгө салынат. Ошондо жарандар керектүү маалымкаттарды чогултуп, кезек күтүүдөн кутулат. Ал эми айыл жерлериндеги интернетти колдонууну өздөштүрө элек жарандар үчүн же интернет бара элек аймактарга атайын калкты тейлөө борборлору да курулмакчы. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев азыркы учурда өлкө аймагына жалпысынан 363 маалыматтык күркөлөрдүн ишке киргенин билдирди. Жарандар аталган мекемеге барып, Мамлекеттик катто кызматына тиешелүү кызматтарды алса болорун айтты.

-Азыркы учурда өлкө аймагында 363 маалыматтык күркөлөр ишке берилип, кызмат көрсөтүүдө. Ал үчүн операторлор тандалып алынып, атайын окуудан өткөн соң иштеп жатышат. “Таза коом” долбоорунун алкагында Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Бишкек шаарына 2 калкты тейлөө борбору ачылды. Бул жарандар үчүн ыңгайлуу жана тез арада кызмат көрсөтүүгө болгон аракет.

Дагы бир кызыктуу жагдай, электрондук порталдын жардамы менен никеге туруу үчүн арыз калтырууга да мүмкүн. Өткөрүлгөн презентацияда үй-бүлө курууну чечкен жаштар да катышып, портал аркылуу никеге туруу боюнча арыз калтырышты. Бул үчүн алардын бири паспорттун жардамы менен системага кирип, тийиштүү кызмат көрсөтүүдөгү анкетаны толтурат. Баш кошо турган түгөйүнүн ID номерин жазгандан кийин, экинчи жаран да өзүнүн атынан кирип макулдугун берүүсү талап кылынат. 19 сом төлөмү төлөнгөндөн кийин ал билдирүү Мамлекеттик кызматтын тийиштүү башкармалыгына келип түшөт. Мындай маалыматты никеге туруу боюнча арыз калтырган “Инфоком” ишканасынын кызматкери Чыңгыз Султанов айтты.

-Бул анкетабыз никеге каттоо боюнча башкармалыкка барып түшөт. Алар бир сыйра карап чыгып, макулдугун бергенде, атайын билдирүү келет. Арызды толтуруп жатканда кол коюу үчүн качан барарыңызды жазып коеюсуз. Биз 11-ноябрга Бакыт үйүнө барабыз деп жаздык. Ошол күн келгенде расмий каттоодон өтүү үчүн барабыз.

Кошумчалай кетсек, өкмөт башчы Сапар Исаковдун айтымында, “Таза коом” долбоорунун алкагында “Акылдуу Бишкек”, “Акылдуу Ош” программалары да ишке кирип, жол коопсуздугу да күчөтүлмөкчү.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...