
Ош шаарында спортчулар жана калаа тургундары үчүн акысыз машыгуучу спорт аянтчасынын курулушу жүрүп жатат.
Мэриянын курулуш чөйрөсүндөгү башкы адиси Шумкарбек Пайзиевдин айтуусу боюнча, аянтча колдонууга болжол менен 20-октябрда берилет.
Аянтчанын сметалык баасы 1 млн 200 миң сомду түзгөн.
“Учурда 15 машыгуучу спорт жабдыктары, атайын отургучтар жана тосмолор орнотулган. Ошондой эле күнү-түнү иштей турган видео көзөмөл бар. Бул аянтчада калаа тургундары каалаган убакта келип, акысыз машыга алышат”,-деди ал.
Түп нускага шилтеме : kabar.kg
Азырынча бир да пикир жок...