Акыркы макалалар

Өкмөт Түндүк-Түштүк жолун бүтүрүүгө убада берди

Өкмөт Түндүк-Түштүк жолун бүтүрүүгө убада берди

Бүгүнкү күндө Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун биринчи фазасынын курулуш иштеринин жарымынан көбү, ал эми экинчи фазасынын 38 пайызы аяктады.

Премьер-министр Сапар Исаков бийлик Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштыра турган Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун аягына чыгарат деп убада берди. Ал Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында аталган жолдун экинчи фазасында жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышып, каржылык маселелер дагы чечилгенин айтты.

— Буюрса бардыгы план менен барат, альтернативдик жолду бүтүрөбүз. Биринчи, экинчи, үчүнчү фазасы каржыланган. Болгону 60 км жол калыптыр аны дагы каржылайбыз.

Башта Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулуш иштерине жалпы 850 млн доллар кетээри маалымдалган. Бирок, иштин жүрүшүндөгү кошумча жумуштар менен долбоордун учурдагы баасы 934 млн долларга чыкканын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев билдирди. Ошондой эле ал Түндүк-Түштүк жолунун аягына чыгып калган бөлүктөрү боюнча буларга токтолду.

— Курулуш өзү үч фазадан турат учурда эки фазасында иш жүрүп жатат. Биринчи фазадагы 154 чакырымдын жарымынан көп иши аткарылды. Ошондой эле экинчи фазасында 100 чакырымдын 38 пайызы бүттү. Үчүнчү фазада Эпкин-Дыйкан 70 км, Балык-Кочкор-Кочкор-Дыйкан 68 км жолдорун курууга подрядчиктерди тандоо иштери жүрөт.

Альтернативдик жолдун экинчи фазасындагы курулушу аягына чыккан 38 пайызынын 33,5 чакырымы жолго ылайыкталып жасалып, 52 чакырым жери убактылуу техникалык жол болуп курулган. Учурда үч көпүрөнүн курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары долбоордун аталган участогунда эки эстакадалык көпүрө куруу пландалууда.

Жумгал районун тургундары жол курулуп жатканы менен Жумгалда жайгашкан Кара-Кече көмүр кенинен көмүр ташыган автоунаалар жолду кайрадан талкалайт деп кабатыр болшууда. Андыктан темир жол куруу керектигин көтөрүштү.

— Альтернативдик жол салынат деп сүйүнүп, баарыбыз күтүп атабыз. Ал жол салынганы менен көмүр тарткан чоң 30-40 тонналык машиналар жүрүп атат. Жолду салып алып 1-2 жылда кайра талкалап салбайбызбы? Темир жол чечилбесе альтернативдик жолдун абийири кетет.

Өкмөт башчысы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу экономикалык эле эмес идеологиялык долбоор, жолдун курулушу менен карапайым эл түндүк-түштүк деген ажырымдан арылып, кыз беришип, кыз алышып алака-катыш күчөйт деп эсептейт. Ал эми жолдун сапаты менен аны сактап калуу жана темир жол салуу тууралуу суроого мындайча жооп берди.

— Биз автоунааларды салмагын көзөмөлдөөнү киргизип, аны катуу карайбыз. Темир жолду салыш керек. Ал үчүн биз инвестор издеп атабыз. Инвестор Кара-Кечеге ТЭЦ салыш керек. Ал станция Кыргызстанга кубаттуу электр энергиясын берет.

Балыкчы — Кочкор-Чаек-Көкөмерен-Казарман-Жалал-Абад аркылуу өтө турган Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун жалпы узундугу 433 км болот. Азыр Балыкчы менен Жалал-Абаддын ортосундагы аралык 748 чакырымды түзөт. Альтернативдик жол курулса, узундук 300 чакырымга чейин кыскарат.

Долбоор үчүн Кытайдын «Экспорттук Импорттук» банкынан 400 млн доллар насыя алынган. Жолдун курулушу 2014-жылы башталып ал 2018-жылы аяктайт делген эле. Бирок, учурдагы өкмөт курулуш иштериндеги кошумча жумуштар менен жол куруудагы кыйынчылктар эске алынып 2021-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилет деп жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...