Акыркы макалалар

Быйыл дыйкандарга 3 миллиард сом берилди

Быйыл дыйкандарга 3 миллиард сом берилди

Кыргызстан Өкмөтү “Дыйкандар үчүн арзан насыя” долбоорунун негизинде 3 миллиард сом насыя берилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев билдирди. Быйыл август айынан баштап бул багытта кайра иштетүүчү ишканаларга да насыялар бериле баштады. Ошондой эле бүгүнкү күндө лизингде 611 даана айыл-чарба техникасы бар. Жылдын аягына чейин 1000ге жеткирүүнү пландаштырып жатышат.

Айыл-чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаевдин айтымында, 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча 1,1 миллион тонна буудай чогултулду. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда көбүрөөк. Айыл чарба продукциясын колдоо программасында дыйкандардын салымы чоң. Жакында мелиорация адистери 230 жаңы айыл-чарба техникасы менен камсыз болушат.

Жеңилдетилген насыядан жыйынтык бар экендигин, дыйкандар өздөрү билдирүүдө.Чүй облусунун тургуну Жамийла Мусаеванын айтымында, 10 пайыздык насыя алуу менен жазгы, күзгү талаа иштерин иштетүүдө жакшы шарттар түзүлдү.

Өкмөттүк программа боюнча 5 коммерциялык банк иш алып барып, 3 миллиард сомдук насыяны берип бүттү. Жалпысынан долбоор боюнча Өкмөт 4,5 миллиард сом бөлгөн.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...