Акыркы макалалар

Ф.Кулов: Депутаттардын үгүт иштерине катышып жатканы мыйзамсыз

Ф.Кулов: Депутаттардын үгүт иштерине катышып жатканы мыйзамсыз

“Таза шайлоо үчүн” жарандык кыймылы бүгүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда экс-депутат Феликс Кулов үгүт иштеринде административдик ресурстарга жол берилип жатканын айтып, депутаттардын үгүт иштерине катышып жатканы мыйзамсыз экенин билдирди.

Анын айтымында, кыймыл эч бир талапкерди колдобойт, таза шайлоону жана таза шайланган талапкерди колдоого алат.

«Тилекке каршы, административдик ресурстардын активдүү колдонулуп жатканын көрүп жатабыз. Ал тургай биздин колубузга жооптуу кызматкерлердин тизмеси түзүлгөн, бийлик талапкерин шайлоого карата даярдалган документтер түштү. Үгүт иштерине катышкан аткаминерлерге да, башкаларга да үлгү боло турган жетиштүү чаралар көрүлбөй жатат», — деди Ф.Кулов.

Ал билдиргендей, шайлоо алдында каникулга кетип калган Жогорку Кеңештин депутаттарынын үгүт иштерине кийлигишүүсү да суроо жаратат. Ф.Куловдун пикиринде депутаттар эл тарабынан шайланган болсо да, мамлекеттик кызматкер катары шайлоо иштерине кийлигишүүсүнө болбойт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...