Акыркы макалалар

7нен 11-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы менен таанышып алыңыз

7нен 11-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы менен таанышып алыңыз

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 7-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-октябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

8-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 8-октябрда күндүз жана 9 -11-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ал эми, 12-13-октябрда болсо жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...