Акыркы макалалар

Кургак учук тууралуу буларды билүү зарыл

Кургак учуктун келип чыгышына эмнелер себеп болот?

Кургак учук өз кезегинде кургак учук микробактериясы тарабынан пайда боло турган инфекциялык оору болуп саналат жана ал бул микробду ачкан окумуштуунун урматына Кох таякчасы деп да аталат. Негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири катары аталган микробактериянын караңгы жана салкын жайда узак мөөнөт сактала тургандыгын көрсөтүүгө болот. Күн нурларынын жана хлордун дезинфекциялоочу эритмесинин түз таасири алдында ал тез өлүп, жоголот.

Оору кандайча жугат?

Көбүнчө өпкө кургак учугу менен жабыркаган адамдар аркылуу жугат. Кургак учук менен жабыркап жүргөндөр менен жакын байланышта болгон адамдар, айрыкча жаш балдар, кош бойлуу аялдар, ошондой эле кары адамдар бул инфекцияга тезирээк кириптер болуусу мүмкүн.

Кургак учук микробактериясы адам организмине дем алуу жолдор аркылуу өпкөгө келип түшүп, анын сезгенүүсүн жаратат жана аны негизинен өпкөнүн үстүнкү оң үлүшүнөн байкоого болот. Микробактериялар алгач өпкө ткандарын андан соң брохторду жабыркатышат. Адам жөтөлгөн маалда бөлүнүп чыккан какырык менен бирге микробдор бронхтор аркылуу айлана-чөйрөгө тарайт.

Кургак учук микробактериясы кайсы органдарды жабыркатат?

Көбүнчө аларга өпкө, бронх жана көкүрөктүн лимфатикалык түйүндөрү кирет. Кургак учук бактериясы кан жана лимфа аркылуу сөөк, ичеги-карын, бөйрөк, баш мээ кыртыштары өңдүү башка органдарга жайылат. Ал эми менингит – кургак учуктун оор формасы.

Кургак учукту кантип ажырата билүү керек?

Белгилери жабыркаган органдарга жараша болот. Кургак учуктун жалпы симптомдоруна чаарчай берүүлөрдү, дене температурасынын жогорулоосун, түнкүсүн тердөө өңдүү көрүнүштөрдү киргизүүгө болот. Мындан сырткары, өпкө кургак учугунда кадимки антибиотиктер менен басууга болбой турган жөтөл коштойт.

Кургак учукту айыктырууга болобу?

Ооба, кургак учукту дарылоого болот. Бул үчүн атайы кургак учукка каршы дары-дармектер бар. Дарылоодон мурда доктур өпкө жана башка органдарды рентгенге тартып, кургак учук микробактериялардын бар же жок экендигин аныктоо үчүн какырыкка изилдөөлөрдү өткөрүп, микробактериялардын кайсы дары каражатына сезимтал боло тургандыгын аныктап алуусу абзел.

Микробактериялардын сезимталдуулугу деген эмне?

Бул айыгуу үчүн зарыл болгон өтө маанилүү маселе. Микробактерия – айлана-чөйрөгө ылайыкташып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ тирүү организм болуп саналат. Кургак учукка каршы дары-дармектер ар кандай таасир беришет, башкача айтканда алардын айрымдары микробактериялардын бөлүнүүсүн токтотсо, башкалары көбөйүүсүн алдын алат. Ошол себептүү, микробду биргелешип жок кылуу үчүн бир эле мезгилде үч же андан көп дары каражаттары жазылып берилет. Бирок, дарылоону үзгүлтүккө учуратуу жана дарылануу режимин сактабоо, бактериялардын дары каражаттарына карата болгон коргонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусуна жакшы шарт түзөт. Ошентип, ал туруктуу мүнөзгө ээ болот да, сакайуу күмөн жарата баштайт.

Бул өңдүү микробактериялардын туруктуу формасы адамга жугабы?

Ооба, азыр мындай көрүнүштөр өлкөбүздө көп учурайт. Туруктуу формага чалдыккан адамдар какырык менен бирге айлана-чөйрөгө бактериялардын туруктуу формаларын бөлүп чыгарышат жана албетте микробдун туруктуу формасын жуктуруп алган адам үчүн олуттуу көйгөйлөр башталат.

Деги кандай кылуу керек?

Биз Сизге жакшы жаңылык айта кетели – кургак учукту дарылоого болот. Бул үчүн бейтаптар жазылып берилген дарыларды үзгүлтүксүз кабыл алуусу зарыл. Кургак учукту дарылоо узак жана оор процесс экендигин билүү маанилүү.

Сакайуу үчүн дары-дармектен сырткары дагы эмне кылуу абзел?

Сакайып кетем деген ишенимдин болуусу зарыл. Мындан сырткары, бейтап өзүнчө сүлгү, идиш-аяк жана башка өздүк гигиена каражаттарын пайдалануусу керек. Какыруу учурунда өзүнчө идишке түкүрүп, такай дезинфекциялап туруу абзел.

Ар ким ар кандайча түшүнүктө жүргөндүктөн кургак учук менен жабыркаган бейтаптардын тамак-ашы тууралуу айта кетким келет. Көпчүлүк адамдар тамак-аш майлуу, калориялуу болуусу керек деп ойлошот жана кашкулак же иттин майын талап кылышат. Чын-чынына келгенде тамак-аш түрдүү болуу менен бирге жеңил өздөштүрүлүшү зарыл. Мындай тамак-ашты баасы өтө деле кымбат эмес азыктардан даярдоого болот, ошондой эле дары каражатын кабылдоодон келип чыгуучу кошумча оорулардын алдын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгоондуктан аларда В-тобундагы витаминдердин көп болуусу керектигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Алар, адатта ар бир кыргыз ашканасынан жолуктурууга боло турган талканда, жарма жана айранда кездешет.

Курамында ден соолук үчүн өтө пайдалуу болгон темир жана белок мол болгондуктан маш буурчак, төө буурчактан даярдалган тамактарды ичүү абзел. Соя, маш буурчак жана төө буурчакта кездеше турган белок күнүмдүк тамак-ашта пайдалануучу этке барабар.

Кургак учукту кантип алдын алууга болот?

Ден соолукту чыңдап, туура жана толук кандуу тамактануу менен таза абада сейилдөө маанилүү. Албетте, узак мөөнөт жөтөлүп жүргөн адамдар менен байланышпай коё туруу керек. Мындан сырткары, бойго жеткен адамдардын жылына бир маал флюорографиялык изилдөөлөрдөн өтүүсү, ал эми жаш балдарга Манту жасалышы зарыл .

Таалайгул Сабырбекова, врач-фтизиатр

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...