Акыркы макалалар

БШК Бакыт Төрөбаевге КТРКдан өзүнчө эфирдик убакыт бөлүп берди

Боршайком президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев үчүн КТРКнын эфиринен өзүнчө убакыт бөлүп берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал эфирге 9-октябрда саат 17:55те чыгат. Телеканал Төрөбаевге КТРКнын расмий маалыматына ылайык 25 мүнөттүк эфирдик убакыт берет.

15-сентябрда БШК президенттикке талапкерлер ортосунда акысыз эфирдик убакыт берүү боюнча чучугулак өткөргөн. Анын жыйынтыгында Төрөбаевге 3-октябрда саат 21:30 убакыт берилген.

Бирок, Төрөбаевдин ыйгарымдуу өкүлү 26-сентябрда БШКга талапкерлер үчүн берилүүчү эфирден баш тартуу боюнча кайрылуу жөнөткөн.

29-сентябрда КТРКнын дарегине Төрөбаев мурдагы катын артка кайтарып алып, дебатка катышууга даяр экендигин маалымдаган билдирүү келип түшкөн.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...