Акыркы макалалар

Памирлик кыргыздарга бара жаткан топ бүгүн Мургабдан ары жол улайт

Памирлик кыргыздарга бара жаткан топ бүгүн Мургабдан ары жол улайт

Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында жөнөтүлгөн автокербен 2-октябрда Тажикстандын Мургаб айылына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Гуманитардык жардам иретинде азык-түлүк жана тиричилик буюмдары, дары-дармек жүктөлгөн 9 жүк ташуучу автоунаа, май ташуучу бир машина жана тез жардам кызматы 1-октябрда Кыргызстандан чыккан.

«Атайын экспедициянын коштоосундагы машиналар 1-октябрда саат 17:50дө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш чек ара тосотуна жетип, ошол жерде түнөгөн. 2-октябрда саат 11:40да Тажикстандын аймагына өтүп, саат 22:30да Мургаб айылына келишкен. Гуманитардык жардам жүктөлгөн машиналар 3-октябрда андан ары сапарын улантышат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Памир аймагындагы кыргыздарга жардам жеткирүү КР Өкмөтүнүн 7-сентябрдагы буйругунун негизинде ишке ашууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...