Акыркы макалалар

Ашымбек уулу: мигранттар камсыздандыруу төлөмүн төлөп, пенсияга чыкса болот

Ашымбек уулу: мигранттар камсыздандыруу төлөмүн төлөп, пенсияга чыкса болот

Социалдык фонддун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Ашымбек уулу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө менен жетпеген стажды толуктаса болорун айтты.

Мигранттар камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп, пенсияга чыкса болот. Бул тууралуу Социалдык фонддун пенсияны борборлоштуруп чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Азат Ашымбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө менен жетпеген стажды толуктаса болот.

"Учурда көпчүлүк жарандарыбыз чет жакта эмгектенишет. Алар Кыргызстанга кайтып келгенде пенсияга чыга алышпайт. Анткени эмгек стажы жок. Мындан учурларда алар өз ыктыярлары менен социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп, полистерин алып, жетпеген стажын толуктаса болот", — деди Ашымбек уулу.

Ал жогорудагы талаптар аткарылган учурда пенсия алууга шарт түзүлөрүн кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...