Акыркы макалалар

Эльмира Ибраимова талапкер Темир Сариевдин штаб башчысы кызматынан кетти


Эльмира Ибраимова талапкер Темир Сариевдин штаб башчысы кызматынан кетти

Эльмира Ибраимова президенттикке талапкер Темир Сариевдин штаб башчысы кызматынан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактарга жазды.

Ал өз сөзүндө Темир Сариев менен өлкөнү өнүктүрүү боюнча көз караштары дал келишкенин, адам укугу жана экономиканы ыкчам өнүктүрүү негизинде коомдун демократиялык, эркин өнүгүүсү боюнча алган багытын толук колдоого алаарын билдирген.

Бирок бүгүнкү күнү талапкер менен анын көз карашында ажырым пайда болгонун, тилекке каршы, саясий кырдаалга жараша идеологиялык позициясын өзгөртүүнү жол берилгис кадам деп эсептей турганын кошумчалаган.

Эльвира Ибраимованын айтымында, дагы 7 штаб мүчөсү кызматын таштап кетти.

Ал эми Темир Сариев мурдагы штаб башчысына ыраазычылык билдирип, анын командасы мурдагы аныкталган багыт боюнча ишин улантаарын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...