Акыркы макалалар

26-сентябрга карата аба ырайы


26-сентябрга карата аба ырайы

26-сентябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 18…23°,

Таласта түнкүсүн 1…6°, күндүз 17…22° жылуу,

Баткенде түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25° жылуу,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26 градуска жетет.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°,

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 18…23° болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 20…22° жылуу болот.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...