Акыркы макалалар

Бакыт Төрөбаев талапкерлерди КТРКны бойкот кылууга чакырды


Бакыт Төрөбаев талапкерлерди КТРКны бойкот кылууга чакырды

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын атынан президенттик шайлоого аттанган Бакыт Төрөбаев КТРКнын 15 мүнөттүк акысыз эфирин бойкот кылганын жар салып, башка талапкерлерди да өзүнө кошулууга үндөдү. Буга 23-сентябрда КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынан чыккан “Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууда” деген материал негиз болгон. Төрөбаев аталган сюжетте жалган маалыматтын негизинде бир жактуу каралоо болгон деп эсептейт. Төрөбаевдин штабы бул боюнча 24-сентябрда БШКга арызданган.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Төрөбаевдин айыптоолорун четке кагып, коомдук канал мыйзам чегинде гана иштеп жатканын билдирди. Ал талапкерлер расмий кайрылса, бардык дооматтарына жооп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...