Акыркы макалалар

Кыргызстандык спортчулар Италияда “темир адам” титулунун ээси болушту


Кыргызстандык спортчулар Италияда “темир адам” титулунун ээси болушту

Кыргызстандык Айбек Куренкеев менен Айбек Надырбеков Италияда Ironman (темир адам) титулунун ээси болушту. Бул тууралуу КРдин триатлон федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрда Червия шаарында (Италия) триатлон боюнча эң кыйын мелдештердин бири - Ironman 140.6 өткөн.

Спортчулар 4 чакырым сүзүп, 185 чакырым велосипед менен өтүшүп, 42 чакырым тынымсыз чуркашкан. Куренкеев аралыкты 12 саат 53 мүнөт 48 секундда, ал эми Надырбеков 13 саат 16 мүнөт 23 секундда басып өтүшкөн.

“Чын дилибизден куттуктайбыз. Силер – Кыргызстандын сыймыгысыңар”,-деп билдиришти федерациядан.

Эске сала кетсек, КР спорт тарыхында мындай жогорку деңгээлдеги титулдун ээси Канат Келсинбаев болгон.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...