Акыркы макалалар

Ташкентте «Өзбекстан-Кыргызстан 2017» бизнес-форуму өтөт


Ташкентте «Өзбекстан-Кыргызстан 2017» бизнес-форуму өтөт

Өзбекстандын Ташкент шаарында 5-6-октябрь күндөрү «Өзбекстан-Кыргызстан 2017» бизнес-форуму жана көргөзмөсү өтөт. Аталган иш-чара тууралуу Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык деңгээлдеги иш-чара Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жасаган мамлекеттик визитинин алкагында уюштурулат. Эки тараптуу достук диалогду чыңдоо максатындагы көргөзмөгө Ташкент шаарынан жана жакынкы облустардан катышуучулар көп келээри күтүлүүдө.

Инвестицияны жана экспортту илгерилетүү мамлекеттик агенттиги билдиргендей, бул иш-чара алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Ал көргөзмөдө негизинен туризм жана саякат, азык-түлүк жана айыл чарбасы, машина куруу, кошумча бөлүктөр жана жабдуулар, маалыматтык технологиялар жана телекоммуникация, курулуш материалдары, химия өндүрүшү, жеңил өнөр жай, кол өнөрчүлүк, улуттук суусундуктар, арак-шарап өнүмү, тоо-кен өндүрүшүнүн продукциясы коюлат.

Ошондой эле, «Өзбекстан-Кыргызстан 2017» бизнес-форумунун жана көргөзмөсүнүн катышуучуларына өз өнүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн көрсөтүп, жаңы өнөктөштөрдү жана агенттерди табуусуна, жаңы рынокторду өздөштүрүүгө, ишкер байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Бизнес форумга жана көргөзмөгө катышууга кызыккан тараптар төмөңдөгү телефон номурларына байланышса болот: бизнес-форум: 62-38-41, көргөзмө 62-03-63. Толук маалымат алуу үчүн +996 700 00 81 91 телефонуна же, е-mail: gulzara.kokenova@mail.ru дарегине жазууга болот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...