Акыркы макалалар

Зилалиев: ГЭС курууга Индия менен Кытай кызыкдар


Зилалиев: ГЭС курууга Индия менен Кытай кызыкдар

Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди курууга кытайлык жана индиялык инвесторлор кызыкдар болууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кытайлык жана индиялык инвесторлор ГЭСтерди куруу боюнча өкмөткө кат аркылуу расмий кайрылышкан.

Кыргыз өкмөтү Жогорку Нарын каскадын жана он чакан ГЭСти курмакчы болгон чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы менен түзүлгөн келишимди 18-сентябрда жокко чыгарган. Буга "Лигласстын" макулдашылган 37 миллион долларды убагында төлөбөгөнү, ГЭС курууга акчасы жок экени себеп болгон. Кийин "Лигласстын" өкүлдөрү тендерге катышуу үчүн 1 млн 147 миң доллар төлөгөнүн, аны кайтарып алуу үчүн Эл аралык арбитражга кайрыларын билдирген. Өкмөт келишим боюнча аталган акча казынада каларын айткан.

Жогорку Нарын каскадын 2013-жылы орусиялык “РусГидро” компаниясы кура баштаган. Курулуш иштери создукканда кыргыз өкмөтү ал келишимди да бир тараптуу жокко чыгарган. “РусГидро” баштапкы курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды кайтарып алуу үчүн Эл аралык арбитражга кайрыларын билдирүүдө. Кыргыз бийлиги болсо бул суммадан шектенип, эл аралык аудит жүргүзүүнү талап кылып келет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...