Акыркы макалалар

“Кийиз дүйнө” кыргыздын салттуу билим боюнча окууга чакырат


“Кийиз дүйнө” кыргыздын салттуу билим боюнча окууга чакырат

Иш-чара эки айга созулат

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. “Кийиз дүйнө” коомдук фондусу кыргыздын салттуу билимдери боюнча окутууларын баштай турганын аталган фонддун өкүдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутуу 2-октябрда башталып, эки айга созулат.

“Иш-чарада кыргыздын салттуу кийимдерин бычуу жана тигүү, элечек ороо жана ал тууралуу маалымат алуу, керме сайма саюу ыкмалары, өрүмдүн түрлөрү, эски кооздуктарды калыбына келтирүү каралган”. — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, окуунун жүрүшүндө салттуу билимди алып жүрүүчүлөр менен жолугушуулар, тажрыйба алмашуулар болмокчу.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...