Акыркы макалалар

Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт


Шашылыш билдирүү: Аба ырайы кескин өзгөрөт

Көп убакытка созулган жылуу аба ырайынан кийин 24-сентябрда абанын температурасы кескин өзгөрөт. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди. Маалыматка ылайык, айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түңкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19, Таласта тункүсүн +2…+7, күндүз +13…+18. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз+18…23, Ысык-Көлдө +4…+9, күндүз +12 …+17 градус жылуу болот. Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12..+17 жылуу болот.

Ал эми 25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айдоо аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында -1…-3 күтүлөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...