Акыркы макалалар

Кыргызстанда сасык тумоо менен гриппке каршы 189 миң адам эмдөөдөн өтөт


Кыргызстанда сасык тумоо менен гриппке каршы 189 миң адам эмдөөдөн өтөт

Сасык тумоо жана грипп ооруларын алдын алуу үчүн 2017-2018-жылдагы эпидемиологиялык сезондо 189 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү пландаштырылууда

Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында өлкө боюнча сасык тумоо менен ооруган 116 542 жана грипп илдетине кабылган 400 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сасык тумоо жана гриппке каршы жарандарды акысыз эмдөөдөн өткөрү үчүн 84 миңден ашуун вакцина сатып алынган. Учурда аталган дары каражаттарын региондорго бөлүштүрүү иштери аяктоо алдында турат. Мындан сырткары, ушул эле багытта дагы 105 миң вакцина алып келинет.

Сасык тумоо жана грипп ооруларын алдын алуу үчүн 2017-2018-жылдагы эпидемиологиялык сезондо 189 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү пландаштырылууда. Бул 2016-2017-жылга салыштырмалуу 2,5 эсе көп. Ошондой эле сезонго карата 100 медицина кызматкерлери даярдалган.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...