Акыркы макалалар

Чет өлкөлүктөргө чек арага чектеш жерлерге үй курууга тыюу салуу сунушталды


Чет өлкөлүктөргө чек арага чектеш жерлерге үй курууга тыюу салуу сунушталды

Юстиция министрлиги Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, кыргыз жарандары жана юридикалык жактар мыйзам аныктаган тартипте турак жай имараттарын куруу, менчикке алууга жана башкарууга укуктуу.

Ал эми Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксаат алган же инвестициялык визасы бар чет өлкө жарандары же жарандагы жок жактарга да ушундай укуктар каралган, бирок алардын укугу ушул абзацтын экинчи бөлүгү боюнча чектөө киргизилет.

Атап айтканда, чет өлкө жарандары же жарандагы жок жактар, кайрылмандарды жана чет өлкөлүк юридикалык жактарды кошпогондо республиканын чек арага чектеш аймактарында менчикке турак жай алууга жана үйлөрдү курууга тыюу салуу каралган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...