Акыркы макалалар

К.Мамбеталиев: Президент мөңгү көйгөйүн көтөрүп, Кумтөрдүн зыянын айтпай койду


К.Мамбеталиев: Президент мөңгү көйгөйүн көтөрүп, Кумтөрдүн зыянын айтпай койду

Президент Алмазбек Атамбаевдин Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында 20 мүнөттүк кайрылуу жасады. Анда мөңгүлөрдү коргоо, уран калдыктарын жок кылуу, экосистеманы коргоп калуудан тартып, Мьянмадагы окуяларга чейин комментарий берди. Ошондой эле өлкөнүн ички жана тышкы саясаты тууралуу да пикирлерин билдирип өттү. Өлкө башчынын БУУ аянтчасында сүйлөгөн сөзүн саясат талдоочулар кандай баалашууда?

Өлкө башчы Улуттар Уюмунун трибунасындагы сөзүн Мексикадагы жер титирөөгө байланыштуу мексикалыктарга көңүл айтуу менен баштады. Андан ары кыргыз эли тарыхы терен эл экенин айтып, жаңы Кыргызстан эки революцияны башынан өткөргөнүнө карабай демократия аркылуу өз нугуна түшкөнүн кошумчалады. Коңшулар менен ымала жакшырып, чек ара көйгөйү азайганын да баса белгиледи. Ал эми климаттын өзгөрүүсүнөн улам Кыргызстанда жаратылыш кырсыктары көп болуп жатканына кейип, мөңгүлөрдүн эрип жатканына да кабатырланды.

“2025-жылга чейинки божомол боюнча Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40% кыскарышы мүмкүн, анын аркасынан Борбордук Азияда дарыялардын суулары 25-35% тартылышы ыктымал. Ал эми 2100-жылга барып, Кыргызстандагы мөңгүлөр Жер бетинен биротоло жоголуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан биздин мамлекет бийик жайгашкан өлкөлөрдүн, тоолуу экосистемалардын мөңгүлөрүн сактоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну колдойт”.

Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Кубан Мамбеталиевдин пикиринде, президенттин мөңгүлөрдү айтканы туура, бирок ага Кумтөр тууралуу да маселени кошуу зарыл болчу.

«Мөңгүлөр тууралуу айтканы жакшы. Бирок ошол мөңгүлөрдүн эрип жатканына климаттын өзгөрүүсүнөн сырткары, Кумтөрдүн да таасири чоң да. Мына ошол жерде Кумтөр тууралуу айтып, келишимди кайра кароо, компенсация төлөтүү маселесин көтөрүү керек болчу. Анткени экосистеманын бузулушуна адамдык, өндүрүштүк фактордун да таасири чоң болуп жатат».

Өлкө башчы Атамбаев баяндамасында, уран калдыктарына өзгөчө токтолду. Анткени бизде союз мезгилинде өлкөдө уран өндүрүлгөн. Ал эми анын калдыктарын жок кылуу маселесинде Кошмо штаттар көмөктөшкөн. Мындан улам, уран калдыктарын жок кылуу маселесинин эл аралык деңгээлде көтөрүлгөнү колдоого алаарлык,-дейт дипломат Кубан Мамбеталиев.

«Уран калдыктарын жок кылуу боюнча 90-жылдары союз таркаган соң, америка өкмөтү көмөктөшкөн. Мындан улам, бул тема америкалыктар үчүн тааныш жана маанилүү. Ошондо америкалык конгрессмен атайын комиссияны жетектеп, уран калдыктарын жаптырган. Мисалы, Казакстанда да уран, ядролук полигондор бар болчу. Мына ошолорду убагында жапканы үчүн азыр ядролук куралы бар өлкөлөрдүн катарына кирбей калды. Болбосо алар да Түндүк Корея сыяктуу кысымга учурамак. Ал эми уран калдыктарын жок кылуу боюнча резолюциянын кабыл алынышы бул Атамбаевдин мактоого ала турган иши. Уран тууралуу айтканы сөзү баяндаманын эң маанилүү бөлүгү болду».

Атамбаев андан ары ак илбирсти коргоо, терроризм, экстремизм менен күрөшүү маселелерине токтолду. Бириккен Улуттар уюму реформаланууга муктаждыгын белгиледи. Ошол эле учурда Мьянмада этникалык азчылыктардын (мусулман рохинжалардын) кордолушун айыптады. Тышкы саясат тууралуу кеп козгоп, Кыргызстандын мурдагы президенттеринин катачылыктарын да эске салды. Сөзүнүн аяк жагында Кыргызстанда алдыда боло турган шайлоо тууралуу айтып, кыргыз элине кыргыз тилинде кайрылуу жолдоду.

Өлкө башчынын так ушул кыргыз тилиндеги кайрылуусу Кыргызстанда талкууга жем таштады. Экс-депутат Равшан Жээнбеков, президент өлкөнүн ички маселесин БУУ трибунасынан айтканы орунсуз деп эсептейт.

«Ал жер ар бир мамлекеттин дүйнөлүк деңгээлде чыгып сүйлөй турган маселеси. Анда өлкөлөр өзүнүн дүйнөгө таасири болгон же дүйнөнүн ошол өлкөгө таасири болгон маселелерин гана айтышат. Биздин президент ушул нерсени жакшы аңдаган жок. БУУнун аянтчасын туура эмес сөз үчүн пайдаланып алды».

Мурдагы элчи, дипломат Кубан Мамбеталиев да президенттин шайлоо тууралуу айтуусуна эч кандай маалыматтык жүйө же факты жок болчу деген пикирде.

«Олигархтар тууралуу айтты, шайлоодо сатылбагыла деди. Албетте бул ички маселе, бирок аны да айтуу үчүн бир «повод» болуш керек эле. Мындан улам, бул жагы түшүнүксүз».

Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаевдин президент катары БУУнун трибунасындагы жарыш сөзү биринчи жана акыркы кайрылуусу болуп саналат. Учурда өлкө башчынын Нью-Йорктогу иш сапары уланууда. Башкы Ассамблеясынын 72-жыйыны 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...