Акыркы макалалар

Кыргыз тили боюнча конкурстун жыйынттары чыкты


Кыргыз тили боюнча конкурстун жыйынттары чыкты

Быйыл мамлекеттик тилдин 28 жылдыгы белгиленет. Ага карата Бишкек шаарынын мериясынын билим берүү башкармалыгы “Улут болсоң-тилиң менен улутсуң” аттуу салтанаттуу азем өткөрдү. Буга чейин, кыргыз тил жана адабият сабагынын мугалимдери арасында усулдук колдонмолордун, билим берүү системасына керектүү китептердин иштелиши тууралуу сынак жарыяланган. Бүгүнкү саамалыкта жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

№12 окуу тарбия комплекс гимназиянын кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими Самара Саадатбек кызы “Мыкты иш тажырыйба” сынагында баш байгени багындырды. Ага бул сыйлык күтүүсүз болгон. Мугалимдик кесипти аркалаганына 7 жыл болгонуна карабай, долбоордун арты менен өзүнө жакшы тажырыйба топтогонун айтып кубанат.

“Жаңы стандартта китеп жазуунун негизинде иштеп баштаганбыз. Орус тилдүү балдарга кыргыз тилин окутуу боюнча бир канча эмгектерди жараттык. Кыргыз тилинде сүйлөтүү максатында. Долбоордун негизинде, башка тилдүү балдарды жаңы ыкма менен окутуп, алар өз оюн эркин, жеткиликтүү айтып калышты. Мени ушуга кубанам.”

Бишкек шаардык мериясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Махабат Нурдинова мындай усулдук колдонмолор өзгөчө жаш мугалимдер үчүн жакшы жыйнак болот дейт. Маалым болгондой, эми колдонмо каражаттар шаар боюнча таратылат.

“Бул иш-чарада билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жыйынтык чыгарылат. Азыр технологиянын заманы. Заманбап техника менен иштөө билим берүү системасынын да, окуучулардын да талабы. Усулдук колдонмолор мугалимдерге жардам катары кошумча жыйнак болот.”

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюча улуттук комиссиянын жетекчиси Назаркул Ишекеев эне тил бизге эне сүт аркылуу келээрин айтып, тил улутту сактап калуудугы негизги баалуулук дейт.

“Тил бул-жаратылыштын сырдуу белеги. Эгер биз улуу баалуулукка обьективдүү мамиле кылып, өнүктүрө албасак, табияттын майзамына терс иш кылган болобуз. Эң башкысы эне мектеби, ата мектеби иштеш керек. Эне тил эне сүт аркылуу келет. Ошондуктан, балдарга үй-бүлөдөн бардык баалуулуктарды өткөрүп беришибиз зарыл.”

Кошумчалай кетсек, өкмөт сапаттуу билим берүүгө шарт түзүү максатында, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууга 10 млн сом бөлгөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...