Акыркы макалалар

Жээнчороев "Республика-Ата Журттун" чек ара келишимине каршы экенин төгүндөдү


Жээнчороев "Республика-Ата Журттун" чек ара келишимине каршы экенин төгүндөдү

Парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясы кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди бүгүн-эртең талкуулап, чечим кабыл алат.

Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Мирлан Жээнчороев "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал фракция бул келишимге каршы чыгып жатат деген маалыматтарды төгүндөдү.

21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара келишимин ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору премьер-министр Сапар Исаков жана тиешелүү министрлер, мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда ​жабык каралган. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен биринчи окуудан өткөнүн, ага жыйынга катышкан 86 депутаттын экөө каршы болуп, калганы колдогонун парламенттин басма сөз кызматы билдирген.

Парламенттеги айрым депутаттар "Азаттык" радиосуна келишимди Жогорку Кеңеш 5-октябрь - президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга күтүлүп жаткан сапарына чейин бекитип берүүгө тийиштигин кабарлашкан.

Кийинчерээк "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" фракциялары келишимге каршы чыгышканы тууралуу кабар тараган эле. "Өнүгүү-Прогресс" да маселени ушул күндөрү карап, бир чечимге келери маалымдалды. Аталган келишимге быйыл 5-сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке болгон сапарында кол коюлган. Экинчи окууга сунушталардан мурун документти фракциялар менен комитеттер карап чыгышы керек.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...