Акыркы макалалар

Кыргызстан менен Тажикстандагы уран калдыктарын МАГАТЭ менен “Росатом”рекультивациялайт

Кыргызстан менен Тажикстандагы уран калдыктарын МАГАТЭ менен “Росатом”рекультивациялайт

Кыргызстан менен Тажикстандагы уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоо жүргүзүлөт. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик орусиялык атомдук энергия боюнча “Росатом” корпорациясы 18-сентябрда Борбордук Азиядагы уран калдыктары сакталган объектилерди рекультивациялоо боюнча келишимге кол койду.

Аталган келишимге “Росатом” тараптан башкы директордун орун басары Николай Спасский, МАГАТЭ тараптан уюмдун Ядролук жана физикалык ядролук коопсуздук депатаментинин жетекчиси, башкы директордун орун басары Хуан Карлос Лентихо кол койгон.

Келишимге ылайык, “Росатом” менен МАГАТЭ Кыргызстан жана Тажикстандын аймагындагы мурдагы уран өндүрүү объектилерин рекультивациялоо боюнча өз ара кызматташтыкты жогорулатуу каралган.

Ошондой эле, документте уран калдыктары сакталган жайларды коргоо иштерин алып барууда техникалык чечимдерди биргеликте иштеп чыгуу, келечектеги ишмердүүлүктү пландоодо изилдөөлөр жана иш-чаралардын жыйынтыгы чогуу кароону, көп тараптуу долбоорлорго катышуу боюнча стратегияны биргелешип иштеп чыгуу белгиленген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...