Акыркы макалалар

Муфтий: Исламды туура тааныса эч кандай террорчулук жана радикализм болбойт


Муфтий: Исламды туура тааныса эч кандай террорчулук жана радикализм болбойт

Азыркы учурда Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар. Бул тууралуу муфтий Максат Токтомушев Бишкекте өтүп жаткан «Аялдын коомдогу жана диндеги орду жана мааниси» деп аталган семинарда билдирди.

Муфтийдин айтымында, дин тутуу эркиндиги жалпы калк үчүн зор сыйлык жана Кыргызстандын 26 жылдык тарыхында эч кандай динге кысым болгон жок.

Ошондой эле, ал адамзат тарыхында аялдын укугун тебелеген учурлар көп болгонун айтып, ислам дини аялдарга урмат-сый жана укук тартуулаганын белгиледи.

«Кайсыл үй-бүлөдө кыз төрөлсө ал менден белек» деген Мухаммед пайгамбардын сөзүн мисал келтирген муфтий, ислам дини кыздар төрөлгөндөн бой жеткенге чейинки жоопкерчиликти атасына, турмушка чыккандан кийинки коргоо милдетин күйөөсүнө жүктөгөнүн кошумчалады.

Муфтий Максат Токтомушев өз сөзүндө баардык казыларга ислам дини боюнча түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзүү тапшырылганын, эгерде исламды туура таанып, туура багытта карманса эч кандай террорчулук жана радикализм болбой турганын билдирди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...