Акыркы макалалар

Мамлекеттен 274 спортчу атайын стипендияларды алышат


Мамлекеттен 274 спортчу атайын стипендияларды алышат

Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө спорттогу ири жетишкендиктери бар өкүлдөрдүн стипендияларын жогорулатуу жагы каралууда.

Буга чейин мындай стипендияларды төлөө мыйзамдарда эмес, өкмөттүн гана токтомунда белгиленген. Эми бул көрүнүштү мыйзам чегине салуу жагы караштырылууда. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардинова билдирди.

Анын айтымында, жогорку категориядагы стипендияны олимпиадалык оюндарда, дүйнөлүк чемпионаттарда 1-2-3-орундарды, Азия оюндарында 1-орунду ээлегендер алышат. Мисалы, грек-рим күрөшү боюнча стипендия алгандар 4 кишини түзөт. Жеңил атлетика боюнча 2 стипендиант бар. Сурдоспорт, лыжа спорту боюнча бирден киши стипендия алууга татыктуу болушкан. Өспүрүмдөрдүн арасында да спорттук жетишкендиктерди камсыздагандыгы үчүн каржылык колдоо алгандары жолугат. Жалпысынан стипендия алуучулардын тизмесинде 274 киши бар.

Эгерде стипендиялар тууралуу жобо такталып, жаңыдан бекитиле турган болсо, ошол стипендия алуучулардын катарына улуттук спорт түрлөрүнөн дагы мыкты жетишкендиктерди камсыздагандар кошулат. Аларга деп стипендиялык фонддун 10%ы каралмакчы. Республиканын чемпиондору үчүн да жакшы стимул жаралат. Аларга 15 миң сомдук стипендия белгиленмекчи.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...