Акыркы макалалар

Түркмөнстанда бел боо күрөшүнөн кыргыз балбандары беш коло утту


Түркмөнстанда бел боо күрөшүнөн кыргыз балбандары беш коло утту

Ушул күндөрү Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында бүгүн 19-сентябрда бел боо күрөшүнүн эркин стилинен Кыргызстандын балбандары беш коло медалга ээ болушту.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак коло байгелерди Ильяз Нишанов (+100 кг), Кадыр Келсинбеков (-100 кг), Назира Арзыбекова (+70 кг), Анара Рыскулова (-55 кг) жана Уулкан Алибай кызы (-65 кг) алды.

Андан сыркары Руслан Табалдиев (-80 кг) жана Алтынай Мамарасул кызы (+70 кг) финалда алтын байге үчүн таймашка чыгышат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:30да башталат.

Бел боо күрөшүнөн медал алган балбандардын байгелерин кошкондо ушул учурда Кыргызстандын эсебине 13 медал чогулду. Азырынча медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 10-катарда бара жатат. Буга чейин кыргызстандык спортчулар жиу-житсу жана түркмөн күрөшүнөн бир алтын, үч күмүш жана төрт коло медал тагынышкан.

17-сентябрда башталган жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары 27-сентябрга чейин уланат. Ага 62 өлкөдөн жана качкындар командасынан спортчулар катышууда. Кыргызстандан спорттун 17 түрүнөн 153 спортчу мелдештерге катышат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...