Акыркы макалалар

Шашылыш билдирүү! 23-сентябрдан тарта кескин суук болуп, үшүк жүрөт


Шашылыш билдирүү! 23-сентябрдан тарта кескин суук болуп, үшүк жүрөт

Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 23-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын куттуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Маалыматка ылайык, айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

24-сентябрда абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 16…21°,

Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 10…15° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлеринде -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...