Акыркы макалалар

Кулов: бензин кымбаттады, дизель майы менен газдын баасы да жогорулайт


Кулов: бензин кымбаттады, дизель майы менен газдын баасы да жогорулайт

Узаган дем алыш күндөрү күйүүчү майлоочу каражаттарга болгон баа жогорулаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Улан Кулов билдирди.

Анын айтымына караганда, Россиянын айрым мунай затты кайра иштетүүчү заводдорунда сезондук оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан өндүрүлгөн күйүүчү заттын көлөмү кыйла азайып кеткен. Мындай көрүнүш баалардын өсүшүнө алып келди.

Натыйжада бензиндин Аи-95 үлгүсү 0,3 сомго кымбаттаган (1 литри 41,5 сом). 0,4 сомго Аи-92 үлгүсүндөгү бензин (литри 39 сом) менен дизель майы (37 сом) өскөн. Автогаз 0,5 сомго жогорулап, литри 21,1 сом болду. Бул "Газпром нефть Азия" компаниясынан алынган маалыматтар экенин жана башка түйүндөрдө деле баалар ушундай экендигин ассоциациянын өкүлү билдирди.

Куловдун айтымында, сентябрдын акырына чейин күйүүчү майдын баасы дагы 1 сомго жогорулайт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...