Акыркы макалалар

Д. Догоев: Шайлоочулардын тизмеси так жана сапаттуу түзүлөт


Д. Догоев: Шайлоочулардын тизмеси так жана сапаттуу түзүлөт

Кыргызстандык шайлоочулар 30-сентябрга чейин өздөрүн тизмеден такташы керек. Тизмеде жоктор 15-октябрдагы президенттик шайлоодо добуш бере албайт. Жарандар тизмени шайлоо участкаларынан же БШКнын интернет сайтынан текшерсе болот. Эгерде өзүн тизмеден таппаса, арыз менен кайрылууга болот.

Бишкек шаарынын жашоочусу Сейдимкан Акбаралиева Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы шайлоочулардын тизмесинен өзүн таба алганын билдирди. Шайлоого катышуу үчүн Акбаралиева бир жума мурун эле форма 2 кагазын толтурган. Бирок дагы деле тизмеге киргизилбегенин айтты.

-Өзүм Ош шаарында каттоодо турамын. Бишкекке жумуштарыма байланыштуу келгениме аз эле убакыт болду. Шайлоо күнү Ошко бара албаганымдыгыма байланыштуу борбор калаада добуш беремин. Ошого тиешелүү кагазды толтуруп койдум. Тизмеңди сайттан тактап аласың дешкен. Балким мени тизмеге киргизе элек окшойт. Эгерде тизмеден чыкпасам, шайлоого катышпай калат окшоймун.

Кыргызстандык шайлоочулар 30-сентябрга чейин өздөрүн тизмеден такташы керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди. Анын айтымында, тизмеде жоктор 15-октябрдагы президенттик шайлоодо добуш бере албайт. Жарандар тизмени шайлоо участкаларынан же БШКнын интернет сайтынан текшерсе болот.

Жогоруда айтылган Акбаралиеванын жагдайына туш болгон башка да жарандар бар. Алар мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, форма 3 кагазын толтуруп, тизмесин тактатып алаарын тиешелүү мекеме белгилейт. Бүгүнкү күндө 3 миңден ашык шайлоочу форма 3 кагазын толтурган.

Буга чейин болгон парламенттик, жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо жана референдум өткөрүүдө жарандардын тизмелери башка тилкелерге катталып калган учурлар болду. Мындай жагдай алдыда боло турган президенттик шайлоодо кайталанбай турганын Ммалекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, тизме сапаттуу жана так түзүлөт. Алдын ала такталган тизме БШКга берилди.

-Учурда алдын ала берилген тизмеде катачылыктар болсо, ошону оңдоо менен алектенип жатабыз. Каза болгон адамдар тизмеде катталып жүргөнү боюнча да маселе чыгып жатат. Кыргызстан электрондук тизмеге 2015-жылы эле кирип баштады. Азыр райондук каттоо кызматтары электрондукка өткөнү менен айыл өкмөттөр кошула элек. Архивдик документтердин баары электрондоштурулуп бүтө элек. Азырынча жогорудагыдай фактылар каттала элек. Ошондой эле башка даректен чыгып калгадардын тизмесин кайрадан тактап чыктык.

Каттоо кызматты бир эле шайлоочулардын тизмесин гана текшербестен, анын программасына аудит жасоону Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова сунуштады. Анын пикиринде, бир эле жарандын тизмеси эки үч жерде катталып калууда.

—Тизменин маалымат базасын бузууга хакерлер аракет кылды деген сөздөр чыкты. Ошондон кийин биз мындай маалымат базаны эч ким манипуляция кылууга мүмкүн эмес деп түшүндүрүү үчүн IT аудит жүргүзүшүбүз керек. Андан кийин баардык шайлоочунун жүрөгү ток болот. Шайлоочулардын да тизмесине аудит жасап, башка жарандыкты алгандарды, каза болгондордун тизмесин, эки-үч жерге катталып калгандарды тазалап чыгыш керек.

Мамлекеттик каттоо кызматы тактаган алдын ала тизмеде 2 миллион 914 миң 588 жаран бар. Мыйзам боюнча тизмеге жашы 18ге толгон, шайлоо укугу чектелбеген жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар кире алат.

Эске салсак, өлкөдө президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Азыркы тапта талапкерлердин үгүт иши кызуу жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...