Акыркы макалалар

Биометрикасы жок 800 миңдей жаран добуш бере албайт


 Биометрикасы жок 800 миңдей жаран добуш бере албайт

800 миңдей кыргызстандык биометрикалык каттоодон өтө элек. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын форумунда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Ал биометрикалык маалыматын тапшырбаган жарандар шайлоого да катыша албасын кошумчалады.

Догоев биометрикасы барлардын саны 3 млн 800 миңге жеткенин, анын ичинде 2 млн 914 миң 588 жаран шайлоо тизмесине киргенин маалымдады.

Шайлоочулардын тизмеси 21-сентябрда дагы бир ирет жаңыланат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...